"Бир жумада эки жолу". Жумгалда жоголгон ата-баланы издөө иши кыскартылды
Нарын облусунун Жумгал районунда мал кайтырып жүрүп дайынсыз болгон ата-баланы издөө иши натыйжа болбогонуна байланыштуу кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда ӨКМ билдирди.Маалыматка караганда, ӨКМдин өкүлдөрү дайынсыз болуп жаткан жарандардын ата-энеси менен жолугушуп, издөөнүн активдүү фазасы аяктаганын, бир жумада эки жолу издөө жүргүзүлүп турарын билдиришкен.
Белгилей кетсек, 16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон.
Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















