Кыргызстандыктар январда жети күн эс алышы мүмкүн
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан 7-январына чейин дем алыш күндөрү болушу мүмкүн. Тиешелүү токтом долбоору кечээ, 13-ноябрда коомдук талкууга коюлду.
Белгилей кетсек, бул документ 5 күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык органдарга тиешелүү.
Ал күндөрү төмөндөгүдөй жылдырылат:
- 2-январдагы дем алыш - 11-январь иш күнүнө;
- 3-январь дем алыш - 24-февраль иш күнүнө;
- 6-январь дем алыш - 10-март иш күнүнө.
Ошондой эле Эмгек министрлиги иштеп чыккан токтом долбоорунда 2025-жылдын 2-майы дем алыш күн деп белгилөө сунушталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















