super.kg logo

Дача-СУ айылынын тургуну: "Күйөөм үйүм менен кошо күйүп кетти" (видео)

 

SUPER.KG порталынын Тагдыр чыгарылышында Чүй облусундагы Дача-СУ айылынын тургуну Серигүл Мырзакеримова жашоо шартын баяндап берди.

Учурда Мырзакеримова беш баланы жалгыз тарбиялап келет. "Үйүм күйөөм менен кошо өрттөнүп кетти" деген каарманыбыз каргашалуу окуя 7-июнда болгонун айтат.

"7-июнда үйүңүз өрттөнүп жатат деп кошунам чалды. Келсем кошуналардын баары чака-челектерин көтөрүп алып өрттү өчүргөнгө аракет кылып жатышыптыр. Өрт алоолонуп, күчөп кеткендиктен өчө элек экен. ӨКМдин бөлүмү келип өчүрүштү. Кийин жолдошум каза болгонун уктук", - деди ал.

Ошондой эле ал каргашалуу күнү жолдошу үйдүн сыртында болгонуна карабай тилсиз жоонун алкымында калганын билдирди.

Видеону толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: