Ошто 42 жаштагы Мээримгүл Бопоева изделип жатат
Ош шаарында 42 жаштагы Мээримгүл Бопоева дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу шаардык милициядан бүгүн, 29-ноябрда кабарлашты.Андагы маалыматка караганда, милицияга 23-августта 57 жаштагы шаар тургуну кайрылып, сиңдиси Мээримгүл Бопоева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык чырай дене түзүлүштө, ак жуумал, чачтарын ак баскан, башка өзгөчө белгилери жок.
Кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү узун көйнөк, бутунда жайкы кызыл түстөгү бут кийим.
Милиция Мээримгүл Бопоева тууралуу маалыматы бар жарандарды (03222) 6-27-57, 0559-99-90-72 номерлерине байланышып коюуну суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















