Коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын апасы каза болду
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдокматованын апасы каза болду. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 29-ноябрда Инстаграм баракчасында билдирди.
"Менин сүйүктүү апам күтүүсүздөн бул дүйнө менен кош айтышты. Мага өтө кыйын болуп турат. Менин жанымда болгон ар бириңизге рахмат", - деп билдирүү калтырган ишмер.
Буга чейинки маектеринде Молдокматова апасы жөнүндө айтып, ал 5 жашында жетим калып, Пржевальск шаарындагы балдар үйүндө чоңойгонун билдирген.
Белгилей кетсек, Ассоль Молдокматованын апасын акыркы сапарга узатуу зыйнаты дүйшөмбү күнү, саат 11:00дө Киев көчөсү, 76 дарегинде өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















