Чүйдө 65 жаштагы Ахмед Жантаев изделип жатат
Чүйдө 65 жаштагы Ахмед Жантаев 26-октябрдан бери дайынсыз болуп, изделип жатат.Облустук милиция билдиргендей, Жантаев Кант шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес. Аталган факты Ысык-Ата РИИБине каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көзү кара, эс тутуму начар.
Кийген кийимдери: күрөң түстөгү жилет, жашыл күрмө, боз шым, бутунда көк түстөгү тапичке.
Милиция Ахмед Жантаев тууралуу маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге: 0505 768876, 0312 61-69-07 кабарлап коюуну өтүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















