Кара-Балтадагы 15 гектар жер тилкеси мэриянын балансына кайтарылып берилди
Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аймагындагы 15 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Алынган маалыматтар боюнча 2007-жылы айрым кызмат адамдары жер тилкесин жеке адамга мыйзамсыз чыгарып кетүүгө көмөк көрсөтүшкөн. Жер тилкеси соттун чечими менен Кара-Балта шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилгендиги маалыматта белгиленген.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштерин улантып жаткандыгын кошумчалаган.
Кара-Балта шаарынын аймагындагы 15 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















