Каракол–Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымдары 18-декабрга чейин жабык болот
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол–Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды. Бул туурасында кечээ, 16-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Маалымдалгандай, аймакты караган №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери аткарылууда. Ага карабастан кар күрткүсү кайра үйлөп, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралууда.
"Ошондой эле жолдун 76-92-чакырымдар аралыгында кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан кырсыктарды алдын алуу максатында Каракол–Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымдар аралыгын убактылуу жабуу чечими кабыл алынды. Ак-Суу районунун акиминин тескемесине ылайык, жогоруда аталган тилке 16-декабрдан 18-декабрга чейин жабык болот. Ал эми түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маалымат такталарын орнотуу, ыкчам маалымат берүү сындуу тапшырмалар тиешелүү мекеме жетекчилерине берилди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















