Бишкекте жеке ишканаларга демөөрчү болууга МАБдардан кат барууда. Мэриядан жооп
Бишкек мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектерди алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлгөн. Кошумча каражат табууга муниципалдык аймактык башкармалыктарга (МАБ) тапшырма берилген эмес. Бул туурасында бүгүн, 17-декабрда мэриядагы жыйында маалым болгонун басма сөз кызматы билдирди.Маалымдалгандай, мэр Айбек Жунушалиев жеке компанияларга демөөрчүлүккө өтүнүч каттар барып жаткандыгын айткан. Муну менен катар майрамга карата акча чогултуу, жетекчилерге белектерди берүү уюштурулбашы керектигин эскертти.
Максималдуу белек куттуктоо баракчалары экендигин белгилеген шаар башчысы вице-мэрлерге, тийиштүү жетекчилерге каттуу талаптарды койду. Ошондой эле демөөрчүлүк боюнча МАБдардын мыйзамсыз иш аракеттери ачыкталса, кызматкерлерди жумуштан алуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















