Сүлүктүдө жоголгон жаранды издөөгө 31 куткаруучу тартылды
Бүгүн, 23-декабрда Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын Кольцо айылынын жоголгон тургунун издөөгө чыккан куткаруучулардын саны көбөйдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.Маалымдалгандай, Сүлүктү шаары боюнча өрт башкармалыгынан 4 куткаруучу, ИИМден 25 жана чек ара кызматынан 2 кызматкер, 2 дрон болуп, жалпы 31 адам тартылды. Кечээ, 22-декабрда куткаруу иштерине 26 жаран тартылган эле.
Айта кетсек, жогоруда аталган айылдын 1980-жылы туулан А.З. аттуу тургуну 19-декабрда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат.
ӨКМ кошумча маалымат бериле тургандыгын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















