Сокулук районунда жылкы уурдоого шектүү кармалды
Чүй облусунун Сокулук районунан жылкы уурдоого шектүү кармалды. Бул туурасында ИИмдин маалымат кызматы билдирди.Маалымдалгандай, милицияга уурдалган жылкы сатылып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Маалыматты текшерүү учурунда, ал жылкы Аламүдүн районуна караштуу Ак-Чий айылынан уурдалып келгендиги аныкталган.
Кылмышка шектүү катары 31 жаштагы А.С. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Анын мурда бир нече жолу соттолгондугу такталган.
Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















