Бүгүн Оштогу борбордук аянтта майрамдык иш-чаралар өтөт
Бүгүн, 31-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында "Жаңы жыл – 2025" аталышында майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.Маалыматка ылайык, саат 12:00дөн тарта “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун, П.И.Чайковский атындагы искусство мектебинин, №1 С. Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектебинин жана Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын таланттары, билим берүү башкармалыгы, Ош мамлекеттик жана педагогикалык университети тарабынан концерттик, оюн-зоок программалары тартууланат.
Ал эми саат 18:00дөн 22:00гө чейин Ош шаардык маданият башкармалыгынын жаңы-жылдык концерттик программасы орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















