Түндө "Дордой" базарындагы кампада өрт чыкты (видео)
Бишкек шаарынын "Дордой" базарында жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, нөөмөт бөлүмүнө 2-январга караган түнү саат 02:09да маалымат келип түшкөн. Тилсиз жоону ооздуктоо үчүн Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм, №3 ӨКБдан 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, жана штаб тартылган.
Кошумча саат 02:29да Биринчи Май райондук №8 ӨКБдан 1 бөлүм , жалпы 4 бөлүм жана штаб өрттү өчүрүү иштерин жүргүзгөн.
Өрт саат 03:15те чектөөгө алынып, 04:22де толук өчүрүлгөндүгү маалыматта кошумчаланган.
02.01.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















