Кызыл-Кыяда мечитке ымыркайды таштап кетишти
Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында мечиттин ичине ымыркайды таштап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда облустук милициядан билдиришти.Маалыматка ылайык, мечитке молдо эртең менен азан чакыруу үчүн барганда ак шейшепке оролгон эркек баланы таап алган.
Бул факты бүгүн, 3-январда Кызыл-Кыя ШИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Табылган ымыркай Кызыл-Кыя шаардык биргелешкен ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Абалы туруктуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















