Токмокто Фолксваген-Поло үлгүсүндөгү унаа 26 жаштагы келинди кызы менен сүзүп алды
Токмокто бүгүн жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 3 жашар кыз көз жумду. Бул тууралуу Чүй ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, кырсык бүгүн, 8-январда саат 13:04 чамасында катталган. Анда Фолксваген-Поло үлгүсүндөгү унаанын 60 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калып, өтмөктүн жанында турган 26 жаштагы келинди 3 жашар кызы менен сүзүп алган.
Анын кесепетинен 3 жашар наристе окуя болгон жерде чарчап калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















