Ноокенде жоголгон малчыны издөөгө 62 куткаруучу тартылды
Бүгүн, 9-январда саат 07:30дан баштап Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сүттү-Булак жайлоосунда жоголгон адамды издөө иштерине 36 куткаруучу, 15 ИИМ кызматкери, 5 мэриянын өкүлү жана жакындарынан 6 жаран тартылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, издөө иштерин ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров жетектеп, 4 дрон жана спутник байланыш колдонулат. Куткаруучулар керектүү шаймандар менен камсыз болушкан.
Айта кетсек, 15-декабрда 1978-жылы туулган Таш-Көмүр шаарынын М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















