Кытайдан унаа жүктөп келе жаткан трал унаалары менен кошо өрттөнүп кетти
Коңшу Кытайдан унаа жүктөп келе жаткан трал Кубакы ашуусунда өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Кырсык бүгүн, 10-январь күнү саат 11:02де болгон. Анда министрликке Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 156-чакырымында унааларды ташуучу чоң автоунаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Балыкчы шаары боюнча №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 11:54тө өрт чектөөгө алынып, 12:14тө толук өчүрүлгөн.
Жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















