Таласта милиция кызматкери кармалды
Таласта пара талап кылууга шектелип милициянын участкалык инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалыматында айтылат.Атайын кызмат тактагандай, шектүү үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча текшерүүнү токтоткондугу үчүн пара талап кылган. Ал 11-январда талап кылынган сумманын 20 миң сом бөлүгүн алгандан кийин кармалган.
Шектүү Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Белгилей кетсек, 1-январдан тарта коррупциялык көрүнүштөрдүн жоопкерчилик чаралары күчөтүлгөн. Тиешелүү мыйзамга 2024-жылдын 31-декабрында президент Садыр Жапаров кол койгон.
12.01.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Dastan
14.01.2025. 04:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда милициялар акча алат -деген көнүмүш адат болуп калган.”Бөрк ал десе баш алат”-дегендей бул чыныгы акыйкатсыздык,каралоо болуп саналат
Милициянын душманы көп.Өчүн ушинтип карматып коюп алышат.Булардын укуктарын ким коргойт.Канчасы эл үчүн курман болот
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















