Бишкек мэриясы бир нече кесип ээлерин жумушка чакырды (тизме)
"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасына бухгалтер, автоэлектрик жана айдоочулар талап кыланат. Бул туурасында мэрия жарыя таратты.Ага ылайык, айдоочуларга коюлган талаптар:
- Жаш курагы 21ден 63 жашка чейин;
- «D», «C», «E» категорияларындагы айдоочулук күбөлүк;
- Иш тажрыйбасы кеминде 3 жыл.
Бухгалтер:
- Салыктык эсеп жана отчёттуулук боюнча билим;
- 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Профилдик программаларды мыкты билүү.
Устачы (слесарь):
- Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө жөндөмү;
- 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Автоэлектрик:
- Электр системаларындагы бузулууларды аныктоо жана оңдоо жөндөмү;
- 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек.
Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерге байланышса болот: 0312 531 789 жана 0990 306 076.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















