Бишкек мэриясында баңгизатка каршы коалиция түзүү маселеси талкууланды
Бишкек шаардык мэриясында баңгизатка каршы коалиция түзүү маселеси талкууланды. Жыйынга калаа мэри Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин депутаттары жана жарандык активисттер катышты.Мэрия билдиргендей, аталган коалицияга БШК депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук ден соолукту жана коопсуздукту коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле жарандык активисттердин катышуу маселеси талкууланды.
Ага ылайык, учурдагы иш-аракеттерди эске алып, балдар менен өспүрүмдөрдү баңгизаттарга тартууга жол бербөө жана шаардагы калк арасында зыяндуу заттардын таралышына каршы күрөштү күчөтүү чечими кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















