Камчыбек Ташиев кыргыз армиясынын азыркы кубатын айтып берди
Заманбап учкучсуз учактар Борбор Азия боюнча Кыргызстанда гана бар. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 16-январда Бишкекте Билим берүү министрлигинин жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен өткөргөн кеңешмеде айтты.Атайын кызматтын башчысы алар жаңы бийликке келген маалда мамлекетте бир да аскер машинасы жок болгонун, учурда кырдаал түп-тамырынан өзгөрүп, Дубайдан, Орусиядан атайын буюртма менен даярдалган, жүздөгөн чопкутталган жаңы автоунаалар алынганын билдирди.
"Мындан сырткары бизде "Байрактар", "Аксүнгүр", "Акынжы" сыяктуу заманбап пилотсуз башкарылган учактар бар. Борбор Азия боюнча булар азыр бизде гана", - деди Ташиев
Ошондой эле ал кампалар аскердик техника, курал-жарак, ок-дарыга толтурулганын кошумчалады.
Видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















