"Ташиевдин ишенимдүү адамымын..." Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Жалал-Абад шаарында ипотекалык турак жай берүүгө байланыштуу алдамчылыкка шектелип Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну Б.А. кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.Маалымдалгандай, шектүү өзүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ишенимдүү адамы катары көрсөтүп, жарандардын акча каражаттарын алган. Ал Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан үйлөрдөн батирлерди алуу үчүн тизмени алдыга жылдыруу, жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү сыяктуу убадаларды берген.
Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу фактыларга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Алдангандар (03722) 5-60-49, 0(556) 06-18-83 телефон номерлери аркылуу кайрылса боло тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















