Оштогу базарга соодагерлерди көчүрүү иши бир айга жылдырылды
Ош шаарында Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык базарга соодагерлерди көчүрүү иштери 20-февралга жылдырылды. Бул тууралуу калаа мэриясы бүгүн, 20-январда маалымдады.Мекеме билдиргендей, буга учурда иштеп жаткан борбордук базардагы соодагерлердин кайрылуулары себеп болгон.
"Бир ай аралыгында соодагерлер Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгуусу керек", - дешти мэриядан.
Эске салсак, буга чейин базарга соодагерлерди көчүрүү иштери 20-январга болжолдонгону кабарланган.
Маалымат үчүн: Базар 2500 орунга ылайыкташып, 25 катардан турат. Соода орундуктарынын аянты 6-7 чарчы метрди түзөт. Базарга кирүүчү туурасы 7,5 метрди түзгөн 2 негизги жол бар. Өрт коопсуздугун сактоо максатында ар бир 5-катарда гидрант орнотулуп, базар электр энергиясына, коммуналдык тармактарга туташкан.
20.01.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















