Төө-Ашуудагы абал: Оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди (видео)
Бүгүн, 22-январда Сосновка постунда саат 06:20дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Маалымдалгандай, азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап, бороон болууда. Аймакты караган №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери тынымсыз уланууда. Ушундай эле кырдаал Өтмөк ашуусунда орун алып, №36 жол ишканасы кызматкерлери тарабынан жол тазаланып жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет кызматы 22-23-январь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөрүн эскерткен.
22.01.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















