Таласта катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти
Бүгүн, 22-январда Таласта катуу шамал болуп, мектептердин биринин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, Таластын Айтматов районуна караштуу Жоон-Дөбө айылында ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен катуу шамал катталып, Осмонов атындагы орто мектептин чатырын учуруп кеткен.
"Айтматов райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү жеринде болуп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө жана кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдар такталууда", - деп билдирди ӨКМ.
Кырсыктан жабыр тарткандар катталган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















