Социалдык баракчалардан комментарий жазган жаран массалык башаламандыкка шектелип кармалды
Өлкөдө массалык башаламандык уюштурууну көздөгөнгө шектелип Огуз каймана аты бар 1988-жылы туулган Б.Э. аттуу жаран кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган. Ошондой эле 2013-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (Адам уурдоо), 2022-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо) боюнча соттолгон.
Кошумчалангандай, шектүү социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу, өч алуу ниетинде массалык башаламандыкка чакырган постторду байма-бай жарыялаганы аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) менен кылмыш иши козголуп, ал Юстиция министрлигинин №21 мекемесине киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















