Кара-Сууда 9-класстын окуучусу сабалып каза болду
Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу токмоктолуп каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.Милициянын маалыматына ылайык, 12-февраль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Манас айыл аймагындагы Каратай айылында жайгашкан орто мектептин алдында 9-класстын окуучусу жыгылып түшүп, каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Күбөлөрдүн маалыматына ылайык, №39 орто мектептин окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада жогоруда белгилеген 9-класстын окуучусу ур-токмокко кабылып, эсин жоготуп кулап калгандыгы маалым болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден-соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда, бала 2007-жылы туулган ошол мектептин окуучусу тарабынан ур-токмокко алынгандыгы аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган Р.Н. аттуу жаш өспүрүм шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө кызматы тарабынан окуянын чоо-жайын тактоо, ар тараптуу терең иликтөө боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















