Бишкекте автобус айдаган 20 айдоочу иштен алынды
Бишкек шаарында жол эрежесин одоно түрдө бузган автобус айдоочулары иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.Кечээ, 17-февралда Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевдин төрагалыгы астында муниципалдык коомдук транспорт маселеси боюнча кезектеги жыйын болуп өткөн.
Жыйында эреже бузган айдоочуларга эскертүү берилип, жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн 20 айдоочу иштен алынган.
Жыйындын соңунда айдоочулар тарабынан жол эрежесин сактоону күчөтүү, коомдук транспорттогу тейлөө сапатын жакшыртуу боюнча тапшырма берилди.
Белгилей кетсек, мындай жыйындар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















