Төө-Ашуудагы тоннелде унаалардын каттамына убактылуу чектөө кирди. Себеби
Төө-Ашуу ашуусундагы тоннелде VOLVO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентиляторго тийип, унаалардын өтүшүнө кооптуулук жараткан. Бул туурасында ӨКМ кызматынан билдиришти.Маалымдалгандай, учурда тоннель эки тараптуу унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылган.
Жерине Бишкек–Ош унаа жолунун 129-чакырымында нөөмөттө турган 2 куткаруучу жана тоннелдин кызматкерлери тартылган. Кошумча маалымат бериле тургандыгы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















