Маданият министрине талапкер ЖМК боюнча мыйзамды толугу менен колдой турганын айтты
Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети маданият министри кызматына Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлигин карап жатат. Анда Мамбеталиев “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун толугу менен колдой турганын билдирди.Жыйында депутат Гуля Кожокулова ЖМК боюнча мыйзам долбоору коомчулукта резонанс жаратып жатканын, анын бул боюнча пикирин сурады.
"Бул мыйзамды толугу менен колдойм. Көз карандысыз ЖМКлар кээде каралап, адаштырат. Алар ошого жараша жазасын алышы керек. Мен ошондой деп ойлойм", - деди Мамбеталиев.
Жогорку Кеңеш 25.02.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















