Араванда баңгизатын мыйзамсыз түрдө сактаган жаран кармалды
Ош облусунун Араван районунда баңгизатын мыйзамсыз түрдө сактаган жаран кармалды. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.Маалымдалгандай, аталган райондо “Үй-бүлө” аталышындагы рейддеги кыдыруу учурунда айыл тургунунун үйүнүн короосунда шек туудурган өзгөчө жыты бар кургатылган өсүмдүктөр табылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Төө-Моюн айыл аймагына тургуну 1972-жылы туулган К.К., аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тинтүү учурунда 2 килограммга жакын болгон кургатылган өсүмдүктөр алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















