Баткенде жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашагандарга эскертүүлөр берилди
Баткен районунда таш кулоо, жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган 67 турак үй бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Андагы кабарга караганда, учурда ӨКМ тарабынан кооптуу аймактарда жашаган жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Негизинен Баткен районунун аймагында Алтын-Бешик, Кара-Бак жана Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн Согмент, Газ, Кыштут, Кан, Сары-Талаа, Жаңырык, Кайыңды, Кара-Бак жана Ак-Өтөк айылдарында кооптуу аймакта жашаган 67 турак үй бар", - деп билдирди ӨКМ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















