Ысык-Атада 20 жаштагы Олесия Белоусова дайынсыз болууда
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 20 жаштагы Олесия Белоусова дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.Анда айтылгандай, Ысык-Ата РИИБине 10-мартта анын жакындары кайрылып, Олесия 7-мартта Киргшёлк айылынын Мичурин көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтышкан.
Аталган факты райондук РИИБге каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы кызылт-күрөң түстө.
Кийген кийимдери: жашыл күрмө, кара жынсы, кара түстөгү бут кийим.
Жогорудагы жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге байланышып койсо болот: 0312 61-69-07, 03132 5-21-47 (нөөмөт бөлүмү).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















