Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы март айындагы беттештерге даярдыгын баштады
2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы 20-мартта Өзбекстан менен конокто, ошондой эле 25-мартта өз оюн талаасында Катар курамасы менен беттешет. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.Маалымдалгандай, жогоруда айтылган беттештерге даярдык көрүү максатында Максим Лисицындын жетекчилиги алдында курама команда 12-марттан тарта Бишкекте жайгашкан «Мурас Юнайтед» базасында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.
Белгиленгендей, даярдык аяктагандан кийин биринчи беттешке катышуу үчүн курама 18-март күнү Ташкент шаарына сапар алат.
Пландаштырылган окуу-машыгуу жыйынына чакырылган оюнчулардын курамы жакынкы маалда жарыялана тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















