Жеңишбек Токторбаев Ош мэриясында кадрдык өзгөрүү жасады
Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп Казыбай уулу Мирланбек дайындалды. Тиешелүү тескемеге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койду.Калаа бийлиги билдиргендей, буга чейин ал Ош мэриясынын ички аудитору, мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеген.
Ал эми мэрдин дагы бир тескемесине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Акылбек Шамаев дайындалды.
Шамаев буга чейин Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















