Ошто 14 жаштагы бала мектепке кеткен бойдон дайынсыз жоголду
Кара-Суу районунда 14 жаштагы өспүрүм дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Ош ОИИБинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, 15-мартта милицияга Мады айылынын 43 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2011-жылы туулган Мухамадазиз Юсупов аттуу уулу 14-март күнү мектепке кеткен бойдон үйгө кайтып келбегенин айткан.
- Кийген кийимдери: үстүндө кара спорттук кийим, оң көкүрөгүндө БМВ унаасынын эмблемасы бар. (сүрөттөгү кийим).
- Өзгөчө белгилери: чачы кара, өңү саргыч, боюнун узундугу 160-165 сантиметр.
Милиция өспүрүмдү көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0702 01 10 10, 0553 54 10 10.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















