Бишкекте Балдарды коргоо борборунан качып кеткен өспүрүм кыздар изделүүдө
Бишкек шаарында 17 жаштагы Арууке Асамбаева жана 15 жаштагы Адия Кылычбекова дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-мартта милицияга А.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жашы жете элек кыздар Астраханская көчөсүндө жайгашкан Балдарды коргоо борборунан качып кетишкенин айткан.
- Аруукенин белгилери: бою 150-155 сантиметр, чачы кара, көзү күрөң, кырдач мурун.
- Кийген кийимдери: күрөң кофта, кара шым, ак спорттук бут кийим.
- Адиянын белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы узун, кара, көзү күрөң, кырдач мурун.
- Кийген кийими: кара толстовка, көк жынсы шым, кара спорттук бут кийим.
Милиция кыздарды көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0(312) 35 29 47, 0(312) 35 26 05, 0 705 307 703, 0 701 644 403. Ленин РИИБ аталган борбордон 14-март күнү дагы 2 кыз качып кеткенин белгилейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















