Сокулукта 27 жаштагы келин салмагы 7 килограммдан ашкан ымыркай төрөдү
Чүй облусунун Сокулук районундагы төрөт каналардын биринде салмагы 7 килограммдан ашкан ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо министрли SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалыматка ылайык, ымыркайдын апасы 27 жаштагы М.С. аттуу жаран бүгүн, 19-мартта төрөтканага келип түшкөн. Бала кесарево жолу менен төрөлүп, салмагы 7 килограмм 175 грамм, бою 61 сантиметрди түзгөн.
"Ымыркай бүгүн саат 10до төрөлдү. Учурда эненин төрөттөн кийинки абалы канааттандырарлык. Ал эми ымыркай дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп билдирген дарыгерлер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















