Баткендеги коллеждердин бири окубаган студенттерге мыйзамсыз диплом берген
Баткен шаарындагы №57 кесиптик лицейине мыйзамсыз диплом берген деген айып тагылууда. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.Маалымдалгандай, аталган окуу жай иш жүзүндө окубаган, Кыргызстандын аймагында болбогон 6 студентке экзамендик бааларды коюп, мыйзамсыз дипломдорду берген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















