СМА менен ооруган балдардын ата-энелери депутаттар менен жолугушту
Кыргызстанда жүлүн булчуң атрофиясы (СМА) менен ооруган балдардын ата-энелери Жогорку Кеңешке келип, депуттар менен жолугушту. Бул тууралуу депутат Советбек Рустамбек уулу билдирди.Маалыматка ылайык, ата-энелер менен жолугушуу кечээ, 19-мартта болгон. Ага саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, омуртканын булчуңдарынын атрофиясы боюнча врач Айгүл Тургунбекова жана депутаттар катышкан.
"Ата-энелер менен жолугуп, аларга оору тууралуу кеңири түшүнүк берилди. Жыйындын негизги максаты – СМА диагнозу коюлган балдардын дарылануусун мамлекет тарабынан колдоо, дары-дармектерин жеткиликтүү баа менене камсыздоо, реабилитация маселелерин жеңилдетүү", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















