Депутат Садырбаева Сөң-Көлгө барчу жолду асфальттоо керектигин айтты (видео)
Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева жайкы туризм жакындап калганын белгилеп, Соң-Көлгө бара турган жолго асфальт төшөө керектигин айтты.
"Соң-Көл өлкөнүн дүйнөлүк туризминдеги визиткасы болуп саналат. Эң кооз, эң уникалдуу жана бийиктикте жайгашкан көл. Ал жакка жетүү жолдору оңой эмес, эң ыйгайлуусу – Калмак ашуу жолу. Мен ошол жолду асфальттоо сунушун киргизем, ошондой эле жарыктандырыш да керек", - деди ал.
Жогорку Кеңеш 20.03.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















