Кыргызгидромет аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты
Өлкөдө 24-26-март күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирүү таратты.Тактагандай, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы төмөндөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
"Мындай аба ырайы автожолдордун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















