Алайда бир өспүрүм денесинен жараат алып, ооруканага түштү
Ош облусунун Алай районунда окуучулардын чырынан улам бир өспүрүм денесинен жараат алып, ооруканага түштү. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.Маалымдалгандай, 21-мартта милицияга 2008-жылы туулган Ф.А. аттуу жаран денесинен жараат алып, аймактык ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тийиштүү экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Натыйжада кылмышка шектүү катары 2009-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук сот 22-мартта шектүүнү үй камагына чыгарган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















