“Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасынын мурунку директору кайра башчы болуп келди
Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болуп, Чыңгыз Жумалиев “Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул туурасында кечээ, 27-мартта мэриянын маалымат кызматы билдирди.Маалымдалгандай, тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
Айта кетсек, ага чейин бул кызматты Кадырбек Оторов аркалап келген.
Ал эми Чыңгыз Жумалиев 2024-жылдын январынан сентябрына чейин аталган муниципалитеттин жетекчиси болуп турган. 2-ноябрда "Жаңы күч – Новая сила" партиясынан шаардык кеңешке депутат болуп барган. Кечээ, 27-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, мандат кийинки кезектеги Алмазбек Улугбековго берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















