Жеңишбек Токторбаев 7 балалуу эки үй-бүлөгө батир ачкычтарын тапшырды (фото)
Бүгүн, 4-апрелде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 7 балалуу эки үй-бүлөгө жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Мекеме билдиргендей, аталган батирлер "Капитал строй инвест" жана "Сулайман Групп" курулуш компаниялары тарабынан жардам иретинде берилди.
"Туруктуу үй-жайы жок Жибек жолу кичи районунун тургуну, 7 балалуу (2 уул жана 5 кыз) Шерзод Умарбаевдин үй-бүлөсүнө, Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыктын тургуну, 7 балалуу (4 уул, 3 кыз) Гүлнара Алип кызына батир ачкычтары тапшырылды" деп жазылат анда.
Жеке батирге ээ болгон үй-бүлөлөр мэрдин колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















