Оштогу пансионаттын менчикке өткөн жерлери мамлекетке кайтарылды
"Oш пансионаты" мекемесинин менчиктештирилген жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында Башкы прокуратура билдирди.Маалымдалгандай, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кыргызстан кесиптик бирлигинин "Кыргыз курорт туризм" башкармалыгынын "Oш пансионаты" мекемесине тийиштүү 1,5 гектар жер тилкеси 2015-2018-жылдар аралыгында 31 жаранга мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, баасы 189,7 миллион сомду түзгөн 1,5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















