Кызыл-Кыяда дайынсыз жоголгон адам сегиз айдан кийин Ысык-Көлдөн табылды
Кызыл-Кыя шаарында 8 айдан бери дайынсыз болуп жаткан жаран Ысык-Көл облусунан табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.Кызыл-Кыя ШИИБге Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургуну 2024-жылдын 11-сентябрь күнү баласы 35 жаштагы Төрөкулов Акбар Мажитович Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан автобекеттен Бишкек шаарына такси менен кетип, 16-сентябрь күнү апасына байланышка чыгып, ошол күндөн тартып дайынсыз жоголуп кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул факты электрондук журналга катталган. Издөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы жаран апрель айынын башында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан табылып, Баткенге жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















