Кара-Суу районунда жалпы аянты 10 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында жайгашкан мурдагы “Кара-Суу канаттуулар фабрикасынын” аймагын жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.Маалымдалгандай, 2003-жылы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдары жер мыйзамдарын бузуу менен фабрикага тиешелүү болгон жалпы аянты 10 гектар жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп беришкен.
Иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















