"Велосипед тээп кеткен". Бишкекте 10 жашар өспүрүм дайынсыз болууда
Бишкек шаарында 10 жаштагы жаш өспүрүм бала дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-апрелде милицияга анын апасы кайрылып, баласы ошол эле күнү Ак-Ордо - 1 конушундагы үйүнөн саат 13:00-14:00 чамаларында кочкул кызгыл түстөгү велосипед тээп чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айткан.
- Белгилери: бою 130–135 сантиметр, арык денелүү, чачы кара.
- Кийген кийимдери: кара футболка, кара шым, кара бут кийим.
Милиция айтылган баланы көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0(312) 35 12 70, 0(312) 35 26 05, 0 777 229 810, 0 553 102 880, 0 551 088 330 же 102.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















