super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жамиля Жаманбаева КМШ өлкөлөрүнө адам укуктарынын сакталышын баалоо индексин сунуштады

 

Москва шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Адам укуктары боюнча комиссиясынын IV отурумунда Кыргызстандын Акыйкатчы институту демилгеси менен иштелип чыккан адам укуктарынын сакталышы боюнча индекстин долбоору сунушталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чарага Армения, Орусия, Казакстан, Өзбекстандын акыйкатчылары, ошондой эле Беларустун, Түркмөнстандын атайын өкүлдөрү катышты.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева адам укуктарынын сакталышын баалоо индексин түзүүгө арналган методологиянын долбоорун тааныштырды.

"Бул сунуш 2024-2025-жылдарга карата КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын иш-планына Кыргызстандын демилгеси менен киргизилген. Индекстин негизги максаты – адам укуктарынын абалын эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык жалпылашкан ыкмалар менен баалоо. Жумушчу топ бир нече айдын ичинде эл аралык жана регионалдык тажрыйбаларды талдап чыгып, долбоордун негизги компоненттерин иштеп чыккан. Методология ар бир өлкөнүн улуттук, аймактык, маданий жана социалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ылайыкташтырылат", - деп айтылат маалыматта.

Жаманбаева жарандардын билим алууга болгон укугунун жеткиликтүүлүгүн талдоону сунуштап, билим берүүдөгү айырмачылыктарды талдоо аркылуу көйгөйлөрдү так аныктоого мүмкүн экенин белгиледи.

"Методология билим берүүнүн жеткиликтүүлүк деңгээлин анализдөөгө жана анын негизинде мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, инфратүзүмдү жакшыртуу, аялуу топторду колдоо программаларын иштеп чыгууга жардам берет. Методологиянын негизинде адам укуктарынын сакталышы башка тармактарда да изилденип, көйгөйлөрдү өз убагында аныктоо жана аларды чечүү үчүн эффективдүү сунуштарды берүү мүмкүнчүлүгү жаралат", - деди ал.

Жыйынтыгында акыйкатчы индекстин долбоорун КМШга мүчө өлкөлөрдө пилоттук негизде ишке киргизүүнү сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: